Азербайжан менен Түркия кеңири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

Түркия президентинин орун басары Фуат Октай, биргелешкен аскердик машыгуу тууралуу социалдык медиа барагынан билдирүүсүн бөлүштү.

1464511
Азербайжан менен Түркия кеңири масштабдуу машыгуу өткөрүүдө

Түркия жана Азербайжандын кургактык жана аба күчтөрү Азербайжанда кеңири масштабдуу биргелешкен аскердик машыгуусун баштады.

Аба күчтөрү менен башталган машыгууда эки өлкөдөн аскердик учактар жана тик учактар орун алат.

Баку,Нахечиван,Генже,Күрдемир жана Йевлахта боло турган машыгуу 10-августта соңуна чыгат.

Кургактык күчтөрүнүн машыгуусу болсо 1-5-августтун аралыгында Баку жана Нахечиванда болот.

Машыгууда ар түрдүү буйруктар аткарылып, зооттолгон унаалар, замбиректер жана минометтордон душманга ок атылат.

Бул арада,президенттин орун басары Фуат Октай, биргелешкен аскердик машыгуу тууралуу социалдык медиа барагынан билдирүүсүн бөлүштү.

Октай билдирүүсүндө: «Бир тууган Азербайжан менен ар дайым жана бардык шартта биргелешкен иш-аракетибизди улантабыз.Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен туугандарыбыздын жанындабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар