Азербайжан менен Түркмөнстан макулдашты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердимухаммедов да видеоконференция ыкмасы менен кол коюу аземине катышты.

1568504
Азербайжан менен Түркмөнстан макулдашты

Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги "Достук" деп аталган мунай кенин биргелешип иштетүү боюнча макулдашышты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов кесиптеши Рашит Мередов менен Түркмөнстанда жолугушуп, эки өлкө тарабынан "Достук" кенинде изилдөө, эксплуатациялоо жана пайдалануу жөнүндөгү келишимге кол койду.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердимухаммедов да видеоконференция ыкмасы менен кол коюу аземине катышты.

Түркмөнстанда "Сердар" жана Азербайжанда "Кепез" деп аталган кен кайсы өлкөгө таандык жана ал кандайча иштетилет деген маселе эки өлкө ортосунда жылдар бою дипломатиялык көйгөйлөрдү жаратып келген.

Каспий деңизиндеги Азербайжан жана Түркмөнстан аймактарынын ортосунда жайгашкан кенде болжол менен 60 миллион тонна мунай запасы бар деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар