Азербайжан Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппарат алат

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов маалымат берди.

1441021
Азербайжан Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппарат алат

Азербайжан Түркиядан куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) сатып ала тургандыгын жарыялады.

Азербайжандын коргоо министри улук генерал Закир Хасанов бир телеканалда билдирүү жасап, Азербайжан армиясынын жаңы курал-жарактарды сатып ала тургандыгы жөнүндө маалымат берди.

Программанын алып баруучусунун: "Түркияда чыгарылган куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар Сирия менен Ливияда ийгиликке жетишти. Азербайжандын Түркиядан бул куралдардан сатып алуу ниети барбы?" деген суроосуна Закир Хасанов: «Бул багытта иштер улантылууда. Эми жыйынтык дагы бар» деп жооп берди.

Министр Хасанов, бир тууган Түркиянын ошол эле учурда аскердик тармакта дагы Азербайжанга каржылык жардам көрсөтүп жаткандыгын, Азербайжандын Улуттук мажилисинин жакында эле бул темага байланыштуу келишимди жактырганын айтты.



Тектеш кабарлар