Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилди

Азербайжандыктар 1990 -  жылы болгон кыргында каза болгондорду эскерүү үчүн Баку Шейиттер Хиябанына барышты.

1344129
Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилди

Азербайжанда көз карандысыздыктын символуна айланган жана тарыхка «Кандуу январь» деп өткөн 20 -  январдагы кыргындын курмандыктары эскерилди.

Азербайжандыктар 1990 -  жылы болгон кыргында каза болгондорду эскерүү үчүн Баку Шейиттер Хиябанына барышты.

Шейиттиктин алдында кезекке туруп, мазарларга кызыл гвоздикалар ташталды,  шейиттер үчүн дуа кылынды.

Президент Илхам Алиев да мамлекеттик кызматкерлер менен бул жердеги эскерүүгө катышты. Азербайжан улуттук гимни аткарылып жатканда Илхам Алиев түбөлүк от эстелигине гүл чамбар койду. Өзгөчө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө бардык шейиттер үчүн бир минуталык эскерүү болду. Бул учурда Каспий деңизинин жээгиндеги кемелер, метро поезддери, автобустар сигналдарына басышты.

1990 -  жылдын баштарында армяндардын күч алган жер талаптарына жана советтик башкарууга каршы экендерин көрсүтүүнү каалаган миңдеген азербайжандык, Бакунун Азадлык аянтына келишти жана митингдерди башташты. Митингге чыккандарды таркатуу үчүн 20 -  январда Бакунун түрдүү аймактарына кирген 2600 кишилик советтик армия араларында балдар менен аялдар болгон 147 жаранды өлтүрүп, жүздөгөн кишини жаралады.

Шейиттер жүз миңдеген кишинин катышуусу менен көз жаштары менен кызыл гвоздикалар менен бүгүнкү аты Шейиттер Хиябанына көмүлдү.

Азербайжандыктар 30 жылдан бери жыл сайын 20 -  январь күнү колдорунда 20 -  январда курман болгондордун символу болгон гвоздикалар менен шейиттике келишет.

 

 



Тектеш кабарлар