Азербайжанда кээ бир округдарда шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылды

Азербайжанда 9 -  февралда өткөн парламенттик шайлоодо 4  аймакта чыккан жыйынтыктар жокко чыгарылды.

1359647
Азербайжанда кээ бир округдарда шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылды

Азербайжанда 9 -  февралда өткөн парламенттик шайлоодо 4  аймакта чыккан жыйынтыктар жокко чыгарылды.

Азербайжан Борбордук Шайлоо Комиссиясы кечээ чогулуп шайлоо тууралуу кээ бир арыздарды карап чыкты. Жыйында 33 -  Хатайи шайлоо округу, 35 -  Хатайи шайлоо округу, 74 -  Ленкеран шайлоо округу жана 80 -  Имишли  - Бейлеган шайлоо округунун жыйынтыкары эреже бузуулардын негизинде жокко чыгарылды.

Кээ бир округдар тууралуу берилген арыздар иликтенип тийиштүү округдун шайлоо комиссиясына жиберилди. Комиссия арыздарды карап чыгууну 29 -  февралга чейин улантат.

Жыйынтыктары жокко чыгарылган округдарда качан кайрадан шайлоо өткөрүлөрү тууралуу маалымат бериле элек.

Президент Алиевдин 2019 -  жылы декабрь айында парламентти таркатуусу жана эрте шайлоо чечимин чыгаруусу менен Азербайжан шайлоо процессине кирип 9 -  февралда парламенттик шайлоо өткөргөн.



Тектеш кабарлар