Азербайжанда кырсыкка учураган учакты изилдөө

Азербайжанда Каспий деңизине түшкөн MiG-29 аскердик учагынын урандысы түрк деңиз күчтөрү командирлигинин суу астында изилдөө – куткаруу командасы тарабынан табылды.

1250929
Азербайжанда кырсыкка учураган учакты изилдөө

Азербайжанда 24 – июлда кечки машыгуу учушунда Каспий деңизине түшкөн MiG-29 аскердик учагынын урандысы Түркия республикасынын деңиз күчтөрү командирлигинин суу астында изилдөө – куткаруу командасы тарабынан табылды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Каспий деңизине түшкөн Азербайжан аба күчтөрүнө таандык MİG-29 аскердик учагынын табылышы максатында аймакка барган суу астында изилдөө – куткаруу командасынын учактын урандысы РОВ аппараты менен аныктагандыгы белгиленди.

Урандынын аныкталышынан кийин чумкуу менен учактын чоң жана кичине бөлүкчөлөрүнүн көрүнүштөрүнүн алынгандыгы белгиленди.

Мындан мурда Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта учак кырсыкка учураган аймак белгиленген, изилдөөгө катышкан түрк адистердин да катышуусу менен учактын кээ бир бөлүктөрүнүн чыгарылгандыгы билдирилген.

Учактын урандысына жана учкучту табуу иштерине колдоо берүү максатында Түркия республикасынын деңиз күчтөрү командирлигине таандык 10 кишилик суу түбүндө изилдөө – куткаруу командасы Стамбулдан Бакуга барган.



Тектеш кабарлар