Азербайжанда мина жырлышынан бир аскер шейит болду

Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.

1864465
Азербайжанда мина жырлышынан бир аскер шейит болду

Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрү койгон минанын жарылышынын натыйжасында бир аскер шейит болгонун билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, Келбежер облусунун чыгышындагы жаңы көзөмөлгө алынган аймакта армяндар тарабынан коюлган минанын жарылышынын натыйжасында Бабек Алиев аттуу аскердин каза болгондугу белгиленди.

Окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталганы белгиленген билдирүүдө шейит болгон аскердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтылды.



Тектеш кабарлар