Азербайжанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Өлкөнүн атуулдары Улуттук мажлистин мүчөлөрүн белгилеш үчүн 6-ирет добуш берүүдө.

1355809
Азербайжанда парламенттик  шайлоо өтүп жатат

Азербайжанда эл өкүлүн шайлоо үчүн добуш берүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталды.

Өлкөнүн атуулдары Улуттук мажлистин мүчөлөрүн белгилеш үчүн 6-ирет добуш берүүдө.

Орто эсеп менен 5 миллион 387 миң катталган шайлоочу болгон өлкөдө 125 орундуктуу Улуттук мажлис үчүн 299у аялдан турган 1314 талапкер ат салышууда.

Шайлоону орто эсеп менен 77700 жергиликтүү, 880 чет элдик байкоочу байкап жатат.

Добуш берүү процедурасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00га дейре уланат.

Расмий эмес алгачкы жыйынтыктардын бүгүн кечинде жарыялана турганы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар