Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку - Тбилиси - Карс темир жолу тууралуу маалымат берди

Алиев Баку  - Тбилиси  - Карс темир жолунун 2017 -  жылы тейлөөгө ачылганын, мунун тарыхый бир окуя экенин белгиледи.

1448216
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку  - Тбилиси - Карс темир жолу тууралуу маалымат берди

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2020 -  жылынын биринчи алты айында Баку  - Тбилиси -  Карс темир жолу менен ташылган жүк көлөмүнүн 2019 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 3,7 эсе дагы көп экенин билдирди. Алиев Афганстандын президенти Эшреф Гани жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов менен видеоконференция аркылуу үчтүк жыйын өткөрдү.

Азербажан президенттигинен берилген маалыматка карганда Алиев Баку  - Тбилиси  - Карс темир жолунун 2017 -  жылы тейлөөгө ачылганын, мунун тарыхый бир окуя экенин белгиледи. Ал түгүл бул жолдун «Темир Жибек Жолу» деп аталышынын да жөн эмес экенин айткан Алиев : «Бул проект континенттерди бири бирине байланыштырып жатат. Азия менен Европанын ортосундагы бир өлкө болгон Азербайжан Евразиядагы жүк ташуу жана логистикалык  тармакка маанилүү салым кошууда. 2020 – жылдын биринчи алты айында Баку  - Тбилиси  - Карс темир жолу менен ташылган жүктүн көлөмү 2019 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 3,7 эсе дагы көп»,- деди.



Тектеш кабарлар