Азербайжандын президенти Илхам Алиев бошотулган аймактар тууралуу билдирди

Алиев Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда Каспий өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын 6 - саммитине катышты.

1850011
Азербайжандын президенти Илхам Алиев бошотулган аймактар тууралуу билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2 -  Карабах согушунан кийин бошотлуган аймактарды куруу, калыбына келтирүү жана эл аралык транспорт байланыштарын өнүктүрүү үчүн масштабдуу иштерди баштагандарын билдирди.

Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөрүлгөн Каспий өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын  6 - саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Алиев Азербайжандын Каспий жээгиндеги өлкөлөрдүн кызматташтыгына чоң маани бергенин баса белгиледи.

Алиев Каспийдин укуктук статусу тууралуу 2018 -  жылы Актауда кол коюлган документтин ишке кириши менен жээктеш өлкөлөрдүн ортосунда ар тараптуу өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна багытталган натыйжалуу чаралар үчүн бекем укуктук база түзүлөрүн айтты. 

Илхам Алиев, Каспийдеги транспорттун маанилүүлүгүнө токтолуп : "Бүгүнкү күндө Азербайжан Евразиянын маанилүү транспорттук жана логистикалык борборлорунун бири болуп саналат. Азербайжан Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноп жатат. Транс  -  Каспий эл аралык транспорт жолдорун натыйжалуу пайдалануу үчүн иштеп жатабыз.Бул маршрут Каспий деңизи менен чектеш мамлекеттердин транспорттук потенциалын максималдуу пайдаланууну камсыздайт жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт",- деди.

2 -  Карабах согушунда (2020 сентябрь  -  ноябрь) Азербайжандын жеңишке жетишкендигинен сөз кылган Алиев : "Азербайжан Карабах менен Чыгыш Зенгезурду кайрадан куруу жана калыбына келтирүү, ошондой эле эл аралык транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча кеңири иштерди баштады. Зенгезур коридору эми чындыкка айланууда",- деди.

Алиев жээктеги өлкөлөрдүн экологиялык абалга байланыштуу тынчсызданууларын тең бөлүшүшкөндөрүн жана Каспийдеги экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташтыкты кеңейтүүнү жактай тургандарын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар