Азербайжандын президенти Илхам Алиев Минск группасын сынга алды

Илхам Алиев  Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессин жүргүзгөн ЕККУнун Минск группасын Армениянын провакациялык кадамдарына карата жетеринче  жооп бербегени үчүн сынга алды.

1450975
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Минск группасын сынга алды

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев  Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессин жүргүзгөн Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму ЕККУнун Минск группасын Армениянын провакациялык кадамдарына карата жетеринче  жооп бербегени үчүн сынга алды.

Кээ бир жергиликтүүү телекөрсөтүү каналдарына күн тартиби тууралуу маалыматтарды берген Алиев Тоолуу Карабах маселесинин Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнүн негизинде чечилиши керектигине басым жасады.

«Азербайжан жеринде экинчи армян мамлекетинин курулушуна эч качан уруксат бербейбиз»,- деген Алиев басып алынган бардык жерлердин куткарылышы жана азербайжандыктардын ата мекенине кайтып келиши керектигин баса белгиледи.

ЕККУнун Минск группасынан дагы так кадамдардын ташталышын күткөнүн айткан Алиев сөзүн төмөнкүчө улантты : «Армениянын премьер  - министри «Карабах Армения» деп айтып жатат. Мен буга керектүү болгон жоопту берип жатам. А бирок Минск группасы эмнеге жооп бербейт? Минск группасы өздөрү түзгөн сүйлөшүү процессин бузган жана дээрлик маанисиз кылган бул маалыматтарга эмне үчүн жооп бербей жатат? Армения сүйлөшүүлөрдүн формасын өзгөртүү жана Тоолуу Карабахтын жалган башкаруусун сүйлөшүүнү каалап жатат. Буга да керектүү жооп берилген жок. Кээ бир так сөздөр менен маалыматтарды берип жатат бирок так бир пикир билдирбей жатат. Эми ал мезгил өттү. Биз тактыкты талап кылабыз».

Алиев басып алынган Тоолуу Карабахта болгон шайлоо жана андан кийинки ант берүү аземинин ачык бир провакация экенине көңүлдөрдү буруп : «Буга эмне себептен жетерлик жооп берилбейт? Алардан дагы олуттуу, так, максаттуу маалыматтарды күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар