Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сунушу кабыл алынды

Илхам Алиевдин жаңы тип коронавирус менен глобалдык күрөшүү карала турган атайын бир отурум  өткөрүү сунушу 130дан ашуун өлкө тарабынан кабыл алынды.

1446731
Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сунушу кабыл алынды

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жаңы тип коронавирус менен глобалдык күрөшүү карала турган атайын бир отурум  өткөрүү сунушу 130дан ашуун өлкө тарабынан кабыл алынды.

Азербайжан президенттигинин тышкы саясий маселелер мекемесинин төрагасы Хикмет Хажыев президент Илхам Алиевдин БУУнун Башкы Ассамблеясынын коронавирус менен глобалдык күрөшүү карала турган атайын бир отурум өткөрүү сунушунун 130дан ашуун өлкө тарабынан кабыл алынганын билдирди.

Ковид  - 19 менен күрөшүү  тууралуу глобалдык колдошуунун жетерлик эмес экенин, өлкөлөр арасындагы пикир айырмачылыктарынын күрөшүүгө тоскоол болгонун айткан Хажыев : «Алиев глобалдык колдошуу үчүн ушундай демилгени көтөрдү. Отурумдун кыска убакытта өткөрүлөрүнөн үмүт кылып жатабыз. Дүйнө эртерээк тыгыз кызматташууну түзүшү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар