Азербайжандын шейит кеткен аскерлеринин саны
Буга чейин 2 миң 841 деп жарыяланган шейиттердин саны кээ бир сөөктөрдүн табылышы жана алардын өздүгүн аныктоо менен 2 миң 855ке жеткендиги белгиленди.
Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабахтагы өз жерлерин оккупациядан сактап калуу үчүн жүргүзгөн операцияда 2 миң 855 шейит бергени маалымдалды.
Азербайжандын Коргоо министрлиги 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилгенин кабыл алган келишимге кол коюшу менен аяктаган согуштагы жоготуулар жөнүндө маалыматты жаңылады.
Буга чейин 2 миң 841 деп жарыяланган шейиттердин саны кээ бир сөөктөрдүн табылышы жана алардын өздүгүн аныктоо менен 2 миң 855ке жеткендиги белгиленди.
50 аскердин дайынсыз жоголгонун жарыялаган министрлик, жерге берилген шейит аскерлердин тизмесин да коомчулук менен бөлүштү.
Азербайжан армиясынын 2020-жылдын 27-сентябрында баштаган операциясында 5 шаардын борбору, 4 кыштак жана 286 айыл бошотулгандан кийин Армения жеңилүүнү кабыл алып басып алынган Агдам, Лачин жана Келбежер провинцияларын эвакуациялоону убада кылган келишимге кол койгон болчу.
Армян армиясы 20-ноябрда Агдамдан, 25-ноябрда Келбежерден жана 1-декабрда Лачинден чыгып кеткен.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.