Азия өлкөлөрүнүн жазуучулары Казакстанга чогулат

Нур-Султанда форум өтөт.

1263013
Азия өлкөлөрүнүн жазуучулары Казакстанга чогулат

Азия өлкөлөрүнүн жазуучулары алгач ирет Казакстанга чогулат.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда 4-6-сентябрда Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форумунун биринчиси өткөрүлөт.

Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нургиса Даушев маалымат жыйынында, форумга 38 өлкөдөн 300гө жакын жазуучу жана адабиятчынын катышаарын белгиледи.

Даушев: «Биринчи жолу өтө турчу форум, Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөнү, адабият тармагынын өнүктүрүлүшүнө карата тажрыйба алмашууну камсыз кылуу жана Азия адабиятынын келечегине байланыштуу маселелерге чечүүчү жол издөөнү максаттайт»,-деди.


Этикеткалар: #Азиянын , #Жазуучу

Тектеш кабарлар