Бир Армения аскери Азербайжанга баш калкалады

Армения бөлүгүнөн качкан аскерге физиологиялык жана психологиялык кысым жасалган.

1252024
Бир Армения аскери Азербайжанга баш калкалады

Армения  - Азербайжан фронтунда кызмат кылган бөлүктөгү кысымдарга чыдабаган Армения аскери Азербайжанга баш калкалады.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта фронт жолунун Фузули аймагына караштуу бөлүктөн качкан Аро Казарян аттуу Армения аскери Азербайжан аскерлерине багынды. Казаряндын сурагында өзүнө жаман мамиле кылынгандыктан бөлүктөн качкындыгын айтканы билдирилди.

Казаряндын командирлери жана башка аскерлер тарабынан физиологиялык жана психологиялык кысымга дуушар болгондугу, денесинин жара ичинде экендиги белгиленди.

Министрлик дарыланып жаткандыгы белгиленген армян аскери Казаряндын фотографияларын да жарыялады.



Тектеш кабарлар