Борбор Азия лидерлеринин жыйыны

Кыргзыстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык кызматташуу жана чек ара тууралуу комиссиялардын иштерин активдештире тургандыгы билдирилди.

1858067
Борбор Азия  лидерлеринин жыйыны
Orta Asya liderleri Kırgızistan'da 1.jpg
Orta Asya liderleri Kırgızistan'da 3.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Isık-Göl 2.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Isık-Göl 10.jpg
Orta Asya Cumhurbaşkanları Kırgızistan Isık-Göl 12.jpg

 Кыргзыстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык кызматташуу жана чек ара тууралуу комиссиялардын иштерин активдештире тургандыгы билдирилди.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматта Президент Садыр Жапаровдун Чолпон  -  Ата шаарында болгон Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын 4 -  консультативдик жыйынынан кийин Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкандыгы белгиленди. Жолугушууда кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле региондун жана эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланган жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди. Маалыматта лидерлердин эки мамлекет жана элдер арасындагы жакшы коңшулукту бекемдөө үчүн иреттүү түрдө саясий диалогду улантуунун маанисин баса белгилешкендерине басым жасалды.

Ошол эле учурда Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердимухаммедов менен да жолугушту.

Түркмөнстанды абдан маанилүү экономикалык өнөктөш катары көргөндөрүн белгилеген Жапаров, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштардын кеңейишине чоң маани бергендерин айтты. Жапаровго жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирген Бердимухаммедов консультативдик жыйындын Борбор Азия аймагынын маселелерин карап чыгуу үчүн жогорку деңгээлде жаңы бир байланыш болгондугун баса белгиледи.

Бир тараптан Чолпон  -  Атага барган Казакстандын Президенти Касым – Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердимухаммедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин урматына концерттик программа уюштурулду.

Жапаров бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Борбор Азия өлкө элдеринин мурунтадан бери жанаша тынчтык ичинде жашап келгендигин айтты.

Консультативдик жыйындын Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин көрсөткөнүн белгилеген Жапаров: "Өлкөлөрүбүз жаркын жана гүлдөп - өнүккөн келечек менен орток тарых, маданий окшоштук жана руханий баалуулуктар менен байланыштырат. Байыркы элдерибиздин кызыкчылыгына  өз ара пайда алып келген кызматташуубузду өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жемиштүү өнүктүрөбүз»,- деди.

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болгон концертте Борбор Азия өлкөлөрүнүн белгилүү чыгармалары аткарылды.



Тектеш кабарлар