Бүгүн 30-июль, Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү

Жээнбеков: Бүгүн — жалпы кыргызстандыктар аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн

1464735
Бүгүн 30-июль, Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү
ceenbekov.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү күн – коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн.

Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык.

Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту.

Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Ар бир көз жумган мекендешим менин сай сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти...

Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз.

Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз.

Жараткандан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз.

Каза болгон жарандарыбыз - ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз.

Урматуу мекендештерим!

Жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек.

Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат.

Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу - бул жалпы улуттук күрөш.

Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!

Урматтуу мекендештерим,

кадырлуу калкым!

Кайраттуу бололу, сабыр тилейли!

Эртең мусулмандардын улуу күнү – Курман айт.

Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз.

Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм!

Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Булак; КТРК



Тектеш кабарлар