Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү

Өлкөнүн бардык аймактарында улуттук баш кийимди даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өтүүдө.

1372556
Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет. Өлкөнүн бардык аймактарында улуттук баш кийимди даңазалаган ар түрдүү иш-чаралар өтүүдө. 

Кошумчалай кетсек, ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, каада-салттарды колдоо, элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдерди даңазалоо күнү катары кабыл алынган. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөдө жашаган мекендештер тарабынан белгиленип келе жатат.

КТРК



Тектеш кабарлар