CASA-1000 долбоорунун Ооганстандагы бөлүгү курула баштады
Доолбоордун пайдубалын түптөө аземине Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана министрлер катышты.
Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын Ооганстан аркылуу Пакистанга ташый турган CASA-1000 долбоорунун Ооганстандагы бөлүгү курула баштады.
Борбор шаар Кабулдун Суруби районунда өткөрүлгөн доолбоордун пайдубалын түптөө аземине Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана министрлер катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн президент Гани, CASA-1000 долбоорунун Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан үчүн маанилүү экенин айтты.
Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясынын Ооганстан аркылуу Пакистанга ташыла турганын айткан Гани, бул долбоор ишке ашкандан кийин Ооганстан алгач ирет Орто Азиядан Түштүк Азияга электр линиясы өткөн багыт болоорун белгиледи.
Узундугу орто эсеп менен 1 миң 250 чакырым болгон CASA-1000 долбоорунун орто эсеп менен 550 чакырымы Ооганстандан өтөт.