Чавушоглу:“Туруктуу жана коопсуз транспорт линияларынын канчалык маанилүү экенин көрдүк"

Министр Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

1848626
Чавушоглу:“Туруктуу жана коопсуз транспорт линияларынын канчалык маанилүү экенин  көрдүк"
Türkiye-azerbaycan-kazakistan.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусия-Украина согушунан улам эгин жүктөлгөн танкерлердин порттордон чыга албаганына байланыштуу: “Биз бул кризисте туруктуу жана коопсуз транспорт линияларынын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрдүк",-деди.  

Министр Чавушоглу Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан-Казакстан тышкы иштер жана транспорт министрлеринин жолугушуусунан кийин Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

Чавушоглу үч тараптуу форматтагы жолугушуунун биринчи жолу өткөрүлгөнүн, транспорт темаларынан тышкары аймактык темалардын да сүйлөшүлгөнүн айтты.

Украина-Орусия согушунан улам пайда болгон дан соодасы көйгөйлөрүнө токтолгон Чавушоглу:  "Биз Бириккен Улуттар Уюму менен көйгөйдү чечүү үчүн чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Биз бул кризисте туруктуу жана коопсуз транспорт линияларынын канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу көрдүк. Ошондуктан, биз улуттук жана аймактык потенциалыбызды жогорулатуу үчүн олуттуу инвестицияларды жасадык жана кылып жатабыз. Баку-Тбилиси-Карс темир жолу, Баку-Тбилиси-Жейхан кууру жана ТАНАП сыяктуу долбоорлор аймакыбыздын жүзүн өзгөрттү»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы процессти колдогонун белгилеп: “Биз Азербайжандын батыш аймактары менен Нахчыванды бириктире турган Зангезур коридорун катуу колдойбуз жана коридордун тез арада ачылышын күтөбүз»,-деп айтты.

Бир тараптан Түркия-Азербайжан-Казакстандын тышкы иштер жана транспорт министрлеринин биринчи жыйынында Каспий өткөөлү менен Чыгыш-Батыш борбордук коридорунун потенциалын өнүктүрүү маселеси каралды.

Үч өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин Чавушоглу, Байрамов жана Тилеуберди Баку декларациясына кол коюшту.



Тектеш кабарлар