Чавушоглуна Алиев тарабынан "Достук" ордени ыйгарылды

Азербайжандын Президенттик сарайында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Алиев, Чавушоглунун Түркия-Азербайжан карым-катнаштарына кошкон баалуу салымдарына көңүл бурду.

1354172
Чавушоглуна Алиев тарабынан "Достук" ордени ыйгарылды

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан «Достук» ордени менен сыйланды.

Азербайжандын Президенттик сарайында өткөн сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Алиев, Чавушоглунун Түркия-Азербайжан карым-катнаштарына кошкон баалуу салымдарына көңүл бурду.

Чавушоглунун Азербайжанды «чын жүрөктөн сүйгөнүн» кеп кылган Алиев, министр Чавушоглуна кайрылып: «Сиз Азербайжанды ар дайым колдодуңуз жана коргодуңуз. Европа Кеңешинде дагы сиз менен бирге иштештик жана дайыма бири-бирибизди колдодук. Боордош Түркиянын дүйнөлүк аренада күч борборуна айлануусунда сиздин жеке салымдарыңыз бар. Сизди Азербайжанда абдан жакшы таанышат. Азербайжанда сизди сүйүшөт. Элибиздин досу жана тууганы катары абдан сыйлашат. Булардын бардыгынан улам «Достук» орденин ыйгаруудамын»,-деди.

Чавушоглу дагы саясатка баштаган күндөн тарта бир гана Түркиянын эмес, Азербайжандын дагы укугун коргоону милдетим деп эсептегенин айтты.

Өзүнө «Достук» сыйлыгын ыйгарганына абдан ыраазы болгонун айткан Чавушоглу, Азербайжандын Президентине кайрылып: «Түркиянын укуктарын ар дайым коргодуңуз. Түркия жана Азербайжан эки боордош өлкө катары ар дайым чогуу болушат. Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган жана сиздин лидерлигиңизде эки тараптуу карым-катнаштарыбыз абдан күчтөндү. Бейиш мекен Гайдар Алиев атабыздын сөзү биз үчүн осуят болуп саналат; «Эки мамлекет, бирок бир улутпуз». Мен ар дайым тышкы иштер минстри катары бир гана Түркиянын эмес, Азербайжандын дагы тышкы иштер министри катары иштедим. Мен үчүн эң чоң сыйлык, даңазалуу желектерибиздин дүйнөдө желбиреп турушу. Бир гана Түркия үчүн эмес, Азербайжан үчүн дагы иштөөнү улантамын. Бул орден үчүн чоң ырахматымды айтамын»,-деди.



Тектеш кабарлар