Чыгыш Жер Отолук деңиздеги күрөшүүбүз абдан маанилүү

Татар, Мерсиндеги программасынын алкагында Эрдемли мэриясынын башчысы Мүкеррем Толлу менен анын кызмат орундугунда жолукту.

1255608
Чыгыш Жер Отолук деңиздеги күрөшүүбүз абдан маанилүү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсин Татар, Түрк өкмөтү менен биргеликте Чыгыш Жер Отолук деңиздеги укук жана кызыкчылыктарынын корголушу темасында күрөшүүнүн абдан маанилүү болгонун айтты.

Татар, Мерсиндеги программасынын алкагында Эрдемли мэриясынын башчысы Мүкеррем Толлу менен анын кызмат орундугунда жолукту.

Татар, сөзүндө акыркы келип жеткен жерде ТКТРнын канчалык маанилүү мамлекет болгону белгилүү болгонун айтып, «Учурда Чыгыш Жер Ортолук деңизде мунай зат жана мунай газ согуштары же тирешүүлөрү болуп жатат. Биз кандай бактылуубуз, Түркия Республикасы бизге ата-мекен жана канчалык коргоп чыгып жактанын көрүүдөбүз. Түрк өкмөтүнүн чечкиндүүлүгү менен бургулоо иштери жасалып жатат»,-деп айтты.

Түркиянын жана ТКТРнын, Түрк калкынын укук жана кызкчылыктарын коргош үчүн иштеп жатканын айткан Татар: «ТКТРнын Түрк өкмөтү менен биргеликте көгүлтүр мекен деп айтканыбыз Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укук жана кызыкчылыктарыбыздын корголушу багытында жүргүзгөн күрөшүүбүз элибиз жана улутубуз үчүн абдан маанилүү. 1974-жылдагы Тынчтык кыймылы, бул аймактагы, дүйнөдөгү Түрк улуту үчүн абдан маанилүү кыймыл болгон. 45 жыл өткөн соң муну көрүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар