Эл аралык Валюта Фонду Ковид - 19 кредитин Кыргызстанга берет

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ Эл аралык Валюта Фондунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Тигран Погосянды кабыл алып, финансылык жардам талап кылган.

1386144
Эл аралык Валюта Фонду Ковид  - 19 кредитин Кыргызстанга берет

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) жаңы тип коронавирус биринчи кредитин Кыргызстанга берет.

ЭВФнин интернет баракчасында берилген маалыматта Ковид- 19 эпидемиясынан улам ортого чыккан кризис менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 120 миллион 900 миң долларлык финансылык жардам берери билдирилди.

Кыргызстандын чукул финансылык жардам талабынын 26 -марттан баштап бекитилгендиги билдирилген маалыматта бул кредиттин ЭВФ башкаруу кеңешинин пандемиянын башталышынан бери дүйнөлүк машстабда бекиткен биринчи чукул кредит болгондугу баса белгиленди.

Маалыматта ЭВФнин жардамынын эпидемиядан улам макро- экономикалык көрсөткүчтөрү күчсүз жана 400 миллион доллар деп болжолдолгон төлөмдөр кемчилиги болгон Кыргызстандын экономикасына ишеним бериши максат кылынгандыгы маалымдалды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ Эл аралык Валюта Фондунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Тигран Погосянды кабыл алып, финансылык жардам талап кылган.

Кыргызстандын финансы министрлигинин маалыматтарына караганда өлкөнүн ЭВФге 139 миллион доллар карызы бар.



Тектеш кабарлар