Элчи К. Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары...

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары болуп ѳттү.

1374289
Элчи К. Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары...
omuraliev-yakup canbolat1.jpg
Встреча со студентами в Центре T__DAM.jpg
Директор миграции Бурса.jpg
Ректор Университета Улудаг.jpg

2020-жылдын 13-14 февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары болуп ѳттү.

Иш сапардын алкагында, Элчи К.Өмүралиев Бурса облусунун губернатору Якуп Жанболат менен жолугушту. Аталган жолугушууда, Кыргызстан менен Бурса аймагы ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну артыруу зарылчылыгын белгиледи.

Тараптар Бурса аймагынын Изник шаарында 2020-жылдын сентябрь айында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселесин талкуулады. Элчи К.Өмуралиев, Кыргыз Республикасында мурда үч жолу өткөн көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө кыргыз тарап даяр экендигин билдирди, ошондой эле Бурса шаарында “Улудаг” университетинде окуган кыргызстандык студенттердин волонтер катары 4-ДКОго катышуу зарылчылыгын белгиледи.

Элчи К.Өмүралиев эки бир тууган элдин ортосунда маданий жана тарыхый көпүрө болгон “Кыргыздар күмбөзү” мемориалы жайгашкан Изник шаарында 4-ДКО өткөрүү символдуу экендигин билдирди. Губернатор Я.Жанболат Изник шаары жөнүндө туристик китепчелерге “Кыргыздар күмбөзү” тууралуу кошумча маалымат даярдап берээрине ынандырды.

Изник шаарына болгон иш сапарда, Элчи К.Өмуралиев Изник шаарынын мэри Мехмет Уста менен жолугушуп, 4-ДКО өтө турган жерди бирге карашты. Шаардын мэри Мехмет Уста 4-ДКО үчүн зарыл болгон объекттерди курууга 20 га аянт бөлүнө турганын билдирди.

Маалымат катары: Изник шаары (байыркы аты Никея) Бурса шаарынан түндүк-чыгыш тарапта 86 км аралыкта жана Стамбул шаарынан түштүк тарапта 120 км аралыкта жайгашкан. Изник шаарынын аймагында жергиликтүү тургундар арасында “Кыргыздар күмбөзү”деп билинген 13--кылымда Изник шаарын жеңип алууга салым кошкон кыргыз жоокерлеринин урматына тургузулган Мемориал жайгашкан. Бул күмбөздө Анадолу түрктөр менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлердин сөөгү жатат. Алар бекем коргонго биринчи киргени үчүн 13-кылымда Орхан Казы тарабынан күмбөз тургузулган. Бул тарыхый эстелик Түркия фондорунун башкы башкармалыгы тарабынан 2000-жылы калыбына келтирилген 2006-жылдын октябрында күмбөздүн жанында скульптор Т.Сыдыков тарабынан жасалган кыргыз жоокеринин айкели тургузулган.

Маалымат катары: Бурса шаары Туркиянын түндүк-батышында жайгашкан, ал эми чоӊдугу боюнча Стамбулдан, Анкарадан жана Измирден кийинки төртүнчү орундагы ири шаар жана аты уйкаш аймактын административдик борбору. Бурса шаарынын калкынын саны 2019-жылга карата 3,056 млн. адамды түзгөн 395-жылдан 1326-жылга чейин Бурса Византия империясына караштуу болчу. 1326-жылында түрктөрдүн византийлерди ийгиликтүү талкалоо жана курчоодон кийин Бурса Осман империясынын колуна өттү.

1326-1365 жылдар арасы жаш Осман мамлекетинин борбору болду.

Бурса аймагынын экономикасынын негизги тармактары айыл чарба, текстил жана унаа өндүрүштөрү, соода, туризми, минералдар (күмүш, цинк, мрамор, ж.б.) болуп саналат. Бурсада «Oyak-Renault» жана «TOFAŞ» унаа ишканалары, ошондой эле унаа компонентери үчүн пресстөө жабдыктарын өндүргөн «Coskunoz» ишканасы жайгашкан.

Булак: КР Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар