Элчи К.Өмүралиев тышкы иштер министр М.Чавушоглу менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Тышкы Иштер Министри Мевлүт Чавушоглу менен биринчи расмий жолугушуусу болуп ѳттү.

1201273
Элчи К.Өмүралиев тышкы иштер министр М.Чавушоглу менен жолукту
OMURALİEV-ÇAVUŞOĞLU4.jpg
ÇAVUŞOĞLU-OMURALIEV.jpg

Пресс-релиз

2019-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Тышкы Иштер Министри Мевлүт Чавушоглу менен биринчи расмий жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуу учурунда, М.Чавушоглу дипломатиялык миссиясынын башталышы менен К.Өмүралиевди куттуктап, Кыргызстан менен Түркия боордош жана дос ѳлкѳлѳр экендигин баса белгиледи. М.Чавушоглу К.Өмүралиевдин ишине ийгилик каалоо менен бирге, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жардамын жана жеке ѳзүнүн колдоосун кѳрсѳтѳѳрүн билдирди.

Тараптар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 7-11 апрелиндеги Түркияга болгон жана Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдогандын 2018-жылдын 1-3 сентябрында Кыргызстанга болгон расмий сапарларынын жыйынтыгында жетишкен макулдашуулардын мындан аркы ишке ашырылуусунун зарылчылыгын белгилешти. Аталган сапарлардын алкагында кол коюлган документтерди тез арада ратификациялоо жана тараптардын кароосунда болгон Макулдашуулардын долбоорлорун карап чыгуу зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле, К.Өмүралиев жана М.Чавушоглу үстүбүздѳгү жылдын 6-8 майындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Түркияга болгон сапарынын алкагында, 7-майда болуп ѳткѳн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоонун Биргелешкен Тобунун 3-жыйынынын жемиштүү ишин жана жыйындын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш алып баруу зарылчылыгын белгилешти.



Тектеш кабарлар