Элчи К.Өмүралиевдин Адана шаарына сапары

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Адана шаарына иш сапары болуп ѳттү.

1375899
Элчи К.Өмүралиевдин Адана шаарына сапары
омуралиев адана2.jpg

2020-жылдын 26-27 февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Адана шаарына иш сапары болуп ѳттү.

Иш сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Адана аймагынын губернатору, аты уйкаш шаардын Мэри, Адананын өнөр-жай жана соода палаталарынын жетекчилери, ишкерлери жана өнөр-жай ээлери менен, ошондой эле аймактын ТР ИИМнин Миграция башкармалыгынын директору жана КРнын жарандары менен жолугушту.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Адана аймагынын жана шаарынын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, Кыргызстандын региондору менен шаарлары жана Түркиянын аталган провинциясынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экендигин белгиледи.

Адананын өнөр-жай жана соода палатасынын жетекчилиги жана ишкерлери менен болгон жолугушууда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди жана Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору менен тааныштырды. Элчи Кубанычбек Өмүралиев ишкерлерге Кыргызстанда жаңы өнөр-жай аймагын ачууну сунуштады жана Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле алардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

КРнын жарандары менен болгон жолугушууда, Элчи Кубанычбек Өмүралиев жарандарды коргоо боюнча КР Өкмөтү жана Элчилик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди, ошондой эле Адана аймагынын Губернатору, аты уйкаш шаардын Мэри, аймактын ТР ИИМнин Миграция башкармалыгынын директору менен болгон жолугушуулары жөнүндө маалымдады жана кызыккан суроолоруна жооп берди.

Адана аймагынын Миграция башкармалыгынын өкүлүнүн катышуусу менен Түркиядагы КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркиядагы КР жарандарынын мыйзамсыз жумушка орношуу каналдарын тыюу, Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды жана түрк тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жашап турууга жана жумушка уруксат алуу шарттары боюнча суролоруна жооп берилди.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Өмүралиев «Чукурова» университетинин Ректору жана аталган университетте окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргызстандык студенттердин окуусу менен жашоо шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык маселеси талкууланды.

Маалымат катары: Адана ТРнын ири шаарларынан бири, аты уйкаш аймактын административдик борбору. Аймак Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Адана шаары Сейхан дарыясынын жээгинде Жер-Ортолук деңизинен 50 км аралыкта жайгашкан.

Адана ар кандай убакытта ар түрдүү цивилизацияларга жана империяларга таандык болчу, алардын ичинде: Улуу Армения, Рим Империясы, Византия Империясы, Осмон Империясы, Киликий армян падышалыгы. 1080-жылы Адананы Сельжук түрктөр басып алган, ал эми 1140-жылдары Византия Империясына кайтарылып 40 жылдан кийин ал өзү жоголгон. Андан кийин, XIV кылымга чейин Каликий армян падышалыгына караштуу болчу. XVI-кылымдын башынан тартып Түрк бийлигинин колуна кирди.

Ошогдой эле, Адана ири өнөр-жай борбору. Текстиль, химиялык жана тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Экспорт 1700 миллиард АКШ долларын түзөт. Уюштурулган өнөр-жай зонасы 11.000.000 kм² аянты менен ТРнын эң ири зоналарынын бири болуп саналат.

Булак; КРнынТүркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар