Элчи К.Өмүралиевдин Мерсин шаарына сапары

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Мерсин шаарына иш сапары болуп ѳттү.

1378247
Элчи К.Өмүралиевдин Мерсин шаарына сапары
Граждане КР Мерсина4.jpg
Ректор Мерсина и студенты5.jpg
Торговая биржа Мерсина2.jpg
ТПП Мерсина 3.jpg

2020-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Мерсин шаарына иш сапары болуп ѳттү.

Иш сапардын алкагында, элчи Кубанычбек Өмүралиев Мерсин аймагынын губернатору Али Су жана Мерсин шаарынын мэри Вахап Сечер менен жолугушту.

Элчи К.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, товар жүгүртүүсү 8 млндон ашуун АКШ долларын түзгөн Кыргызстан менен Мерсин аймагы ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын шаарлары менен Мерсин шаары ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу жана учурдагыны өнүктүүрү зарыл экендигин белгиледи.

Мерсин Өнөр-жай жана соода палатасынын президенти Айхан Кызылтан, Соода биржасынын президенти Абдуллах Өздемир жана аталган мекемелердин ишкерлери менен болгон жолугушууда элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзү үчүн чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди жана Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору менен тааныштырды, ошондой эле Кыргызстан тууралуу видео тасма тартуулады. Элчи Кубанычбек Өмүралиев ишкерлерге Кыргызстанда жаңы өнөр-жай аймагын ачууну сунуштады жана Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүндө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле алардын кызыккан суроолоруна жооп берди. Кредит берүү жана бааны белгилөө масалелери, ошондой эле Кыргызстандын Талас облусунан Түркия жана башка өлкөлөргө фасолду импорттоо маселеси талкууланды.

Мерсин шаарында жашаган КР жарандары менен жолугушуу максатында, Мерсин шаарынын мэриясы Конгресс жана көргөзмөлөр сарайында конференц-зал берди. Элчиликтин өтүнүчүнө ылайык, Мерсин облусунун Миграция башкармалыгынын адиси М.Мурат жолугушууга катышты.

Жолугушууда Элчи жарандарды коргоо боюнча КРнын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди, ошондой эле Мерсин шаарында болгон жолугушуулар тууралуу маалымдады. Түркиядагы КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер талкууланды жана Кыргызстандын жарандарынын мыйзамга ылайык Түркияда жашап турууга, жумушка уруксат алуу шарттары, жарандык жана башка масалелер боюнча суроолоруна жооп берилди.

         Иш сапарынын алкагында Кубанычбек Өмүралиев Мерсин университетинин ректору А.Чамсары жана аталган университетте окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргызстандык студенттердин окуу менен жашоо шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташтык маселеси талкууланды.

Маалымат катары: Мерсин аты уйкаш аймактын административдик борбору. Аймак Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында Жер-Ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан жана калкынын саны 1,840 425 млн. адамды түзөт.

Мерсин Түркиянын ири порт шаарларынын бири. Текстиль, химиялык, кайра иштетүү жана айнек чыгаруу өнөр-жайлары өнүккөн. Мерсин Эркин экономикалык аймагы Түркиянын ири аймактарынын бири болуп саналып, анын ичинде 300дөн ашуу компания ишмердүүлүк жүргүзөт. Ошондой эле цитрус, жер жемиш жана жашылчаны өндүрүү жайлары өнүкөн.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар