Элчи К.Өмүралиевдин Орозо Айтка карата куттуктоосу

Орозо айт майрамына карата Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин куттуктоосу.

1422616
Элчи К.Өмүралиевдин Орозо Айтка карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерди Орозо Айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Мына ушул улуу майрам ар бир үйгө ырыскы-кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин. Жараткан колдоп, ушул касиеттүү Рамазан айында тилеген ак тилектер, асыл максаттар ишке ашсын.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай менен аманчылык тилеймин.

Айтыңыздар маарек болсун!

Кубанычбек Өмүралииев
Элчи



Тектеш кабарлар