Элчи К.Өмүралиевдин жарандарга кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу.

1385799
Элчи К.Өмүралиевдин жарандарга кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

Түркия аймагында коронавирусту жугузган алгачкы учурдан баштап Элчиликтин иши күчөтүлгөн режимге өтүп, азыркы оор абалда өлкөдөгү жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн Элчилик баардык күч-аракеттерин жумшоодо.

Зарыл болгон чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, ошондой эле Элчиликтин консулдук бөлүмүндө жана Стамбул шаарында Башкы консулдукта жарандардын топ болуп чогулуусу коронавирусту жугузуу коркунучун жараткандыгын эске алуу менен 2020-жылдын 27-мартынан тарта жарандар алдын ала жазылуу менен кабыл алынып, төмөнкү консулдук кызматтар көрсөтүлөт: паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү тариздөө жана берүү, , котормолорду тастыктоо, маалым кат берүү. Башка маселелер боюнча төмөнкү телефондук номерлер жана электрондук почталар аркылуу консультация камсыз кылынат: Элчилик +90-312 491 35 06/07, +90 545 689 68 00 жана kgembassy.tr@mfa.gov.kg , ошондой эле Башкы консулдук +90 212 235 67 67, +90 535 107 72 12, kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg.

Аба каттамдардын токтотулгандыгына байланыштуу кыйынчылыктардан улам биринчи кезекте оор жагдайга дуушар болгон жарандар тууралуу маалымат топтоо жана анын үстүндө иштөө максатында Элчиликтин тынымсыз байланыш линиясы ачылып, +90-312 491 35 06/07, +90 545 689 68 00 номерлери аркылуу иштөөдө жана kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылуулар кабыл алынууда. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу +90 212 235 67 67, +90 535 107 72 12  номерлери менен иштөөдө жана kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылуулар кабыл алынууда.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Элчиликтин, Башкы консулдуктун жана эки өлкө бийликтеринин аракети менен чартердик рейс аркылуу биздин 197 жарандын өлкөбүзгө кайтуусу камсыз кылынды.

2020-жылдын 26-мартына карата Кыргызстандын башка чет өлкөлөр менен аба каттамдары токтотулгандыгына байланыштуу азыркы этапта жарандарды Кыргызстанга жөнөтүү көйгөй бойдон калууда. Учурда жарандардын Кыргызстанга кошумча чартердик рейс менен кайтуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үстүндө иштеп жатабыз. Ушуга байланыштуу азыркы учурда Элчилик мекенине кетүүнү каалаган Түркиядагы биздин жарандардын тизмесин түзүү максатында маалымат топтоодо.

Элчилик Түркиядан учуп кетүү кыйынчылыктарынан улам Кыргызстанга кете албай калган жарандардын Түркияда мыйзамдуу жашап туруу мөөнөтүн узартуу боюнча жергиликтүү бийликтер менен тыгыз байланышта. Бул маселе боюнча Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдуктун kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук даректерине  Кыргызстанга кетүү себептерин (жумуштан бошоп жатсаңыз - жумуш берген мекеменин атын көрсөтүңүз), байланыш маалыматыңызды, паспортуңуздун копиясын тиркеп, арызыңызды жөнөтүңүз. Кабыл алынган арыздар Түркиянын Тышки иштер министрилигине миграция боюнча мекемелердин кароосу үчүн жөнөтүлөт.

Азыркы убакта Түркия тарабынан жашап туруу мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылуубузга жооп күтүп жатабыз. Оң чечим алсак биздин жарандар Түркиянын миграциялык кызматына кайрылып, бул маселени ыкчам түрдө чечип алышаарына  ишенебиз.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жарандарга керектүү маалымат Элчиликтин сайтында жайгаштырылып жатат.

Ушунун менен бирге коронавирус жугузуп алгандардын санын азайтуу жана вирустун жайылышына бөгөт коюу максатында  бардык мекендештерди өтө зарыл себептерсиз Түркиядан чыкпоого чакырабыз.

Сиздердин туура түшүнүүңүздөргө жана бири бирибизге сый мамиле кылып, чыдамдуу болушуңуздарга ишенем. Конструктивдүу кызматташуу менен пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү чогуу чече алабыз.

Баарыңыздарга бекем ден соолук каалаймын!

Урматтоо менен,

                                                                        Кубанычбек Өмүралиев

Элчи



Тектеш кабарлар