Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Измир шаарынын биринчи вице-мэри Мустафа Өзуслу менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Измир шаарына иш сапары болуп ѳттү.

1353342
Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Измир шаарынын биринчи вице-мэри Мустафа Өзуслу менен жолукту
Мэрия Измира 3.JPG
Промышленная палата 1.JPG
Промышленная палата.JPG

2020-жылдын 30-31 январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Измир шаарына иш сапары болуп ѳттү. 

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Измир шаарынын биринчи вице-мэри Мустафа Өзуслу менен болгон жолугушуусунда (мэр Тунч Сойэр АКШда иш сапарда болгондугуна байланыштуу), Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, Бишкек менен Измир шаарынын ортосунда 1991-жылдан бери келе жаткан достук жана боордоштук байланыштарды калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Маданий кызматташтык достуктун пайдубалы экендигин эске алуу менен Кубанычбек Ѳмүралиев жазуучу Чынгыз Aйтматов түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдѳ гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндѳ маданий мурас экендигине кѳӊүл буруп, Ч.Айтматовду Измирде дагы эскерүү маанилүүлүгүн белгиледи. 

Мустафа Өзуслу Элчини колдоп, Измир Европадагы маданий борбор-шаар катары талапкер экендигин билдирип, ушул себептен Измир шаарындагы паркка Айтматов атын ыйгаруу жана эстелик тургузуу Европанын болочоктогу маданий борбору үчүн маанилүү боло тургандыгын маалымдады.

Иш чаранын алкагында, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев  Эгей аймактык өнөр жай палатасынын Башкаруу кеӊешинин мүчѳлѳрү жана ишкерлер менен  жолугушуп, Палатанын мүчѳлѳрүнѳ Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө(төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берди.  Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев иш адамдарын 2020-жылдын жай айында боло турган кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырып, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Автоунааларды боё жана боекторду сатуу боюнча эки компаниянын жетекчилери Кыргызстанда өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалыматтарды алууга кѳмѳк кѳрсѳтүү суранычын билдиришти.

Измир провинциясынын Соода жана өнөр жай палатасы менен болгон жолугушууда, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат боюнча бет ачар тартуулап, ишкерлерди кыргыз-түрк бизнес-форумуна чакырды. Тараптар Измир шаарында 500 түрк жана кыргыз ишкерлеринин катышуусу менен В2В форматта “Кыргыз бизнесс күнүн” уюштуруу боюнча макулдашышты.

Маалымат катары: Измир шаары - Түркияда адамдардын санынын кѳптүгү боюнча үчүнчү орунда, ал эми чоӊдугу боюнча Стамбулдан кийинки экинчи орундагы шаар. Измир шаары Түркиянын түштүк-батышында жайгашкан аты уйкаш административдик борбор болуп саналат, Эгей көлдүн чыгыш жээгинде жана Измир кысыгынын жээгинде жайгашкан.  Измирдин калкынын саны 4,3 млн.киши. Измир провинциясынын экономикасы өнөр жай, айыл чарба, туризм жана ж.б. негизделет. Измир Соода-өнөр жай палатасы 1985-жылы түзүлүп, Стамбул Соода палатасынан кийинки (1882) Түркиянын 2-палатасы болуп түзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасынын 70 000  ашуун катталган мүчѳсү бар, 76 ар кандай кесиптик секторлорго бөлүнөт Эгей аймактык Соода-өнөр жай палатасы (EBSO) 1954-жылы түзүлгөн, биринчи жана жалгыз регионалдык палата болуп саналып, 64 ар түрдүү тармактарда да кызмат кылып 4500 компаниялар иш алып барат. Палатага 14 уюмдашкан өнөр жай аймактары жана 2 эркин экономикалык аймактар кирет.

 

 



Тектеш кабарлар