Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Измир шаарына иш-сапары...

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Измир шаарына иш сапары болуп ѳттү.

1353340
Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Измир шаарына иш-сапары...
Диаспора 2.jpeg
Диаспора.jpeg
Ректор Эгейского Университета.jpeg

 

2020-жылдын 30-31-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Измир шаарына иш сапары болуп ѳттү. 

Сапардын алкагында, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Измир шаарынын Губернатору Эрол Аййылдыз менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, Измир шаарында жашап жаткан Кыргызстан жарандарын коргоо маселелери талкууланып, алардын бейпил жашоосунда максималдуу жардам берүү суранычын билдирди. Губернатор жарандарга жардам кѳрсѳтүлѳ тургандыгына ишендирди жана миграциялык кызматка Элчинин мекендештер менен боло турган жолугушуусунда коштоп жүрүү буйругун берди.

Эгей университетинин ректору, проф. Неждет Будак менен болгон жолугушууда, Ректор Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр жана студенттер жөнүндө маалымат берди. Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев мындан мурда Агрардык Университет жана Кыргызстандын дагы башка ЖОЖ менен түзүлгѳн достук байланыштарды калыбына келтирүү жана бекемдѳѳ зарылдыгын белгиледи.

Кубанычбек Ѳмүралиев Эгей университетинин ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары проф. Билгин Арда менен аталган ооруканада дарыланып жаткан Кыргызстандык ѳспүрүм бейтапты зыярат кылышты.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Элчи Кубанычбек Ѳмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Измир провинциясындагы миграция иштери боюнча Дирекциясынын директору Хүсейин Хавуз менен болгон жолугушуусунда, Х.Хавуз Измир шаарында жашаган Кыргызстандык жарандар жөнүндө маалымат берди. Х.Хавуз Анталья шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлчүлүгү катталгандыгы тууралуу билдирип, Измир провинциясында кыргызстандык жарандар тарабынан кандайдыр бир терс көрүнүштөр болбогондугун белгиледи.

Измир шаарында жашаган кыргыз жарандары менен жолугушуу үчүн Измир шаарынын Мэриясы Приштина атындагы Архив жана шаардык музейдин жыйындар-залын бѳлүп берди. Элчиликтин суранычы боюнча, Измир провинциясынын Миграция иштери боюнча дирекциясынын жашоого уруксааттарды каттоо департаментинин башчысы Өзгүр Чандар катышты.

Кыргыз жарандары менен болгон жолугушууда, Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев жарандарды коргоо боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан чаралары, ошондой эле Измир провинциясынын губернатору, Измир шаарынын биринчи вице-мэри, Эгей университетинин ректору жана Измир провинциясынын миграция иштери боюнча Дирекциясынын башчысы менен болуп ѳткѳн жолугушуулары тууралуу коомчулукка маалымат берди.

Миграция иштери боюнча дирекциясынын ѳкүлү Өзгүр Чандардын катышуусу менен болгон жолугушууда, Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери деталдуу талкууланды, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда мыйзамсыз ишке кирүү каналдарын кысуу, Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери жана Кыргызстандын жарандарынын кѳптѳгѳн суроолоруна жооптор берилди, анын ичинде  жашоого жана иштөөгө уруксаттарды каттоо жол-жоболору боюнча.

Маалымат катары: Измир шаары - Түркияда адамдардын санынын кѳптүгү боюнча үчүнчү орунда, ал эми чоӊдугу боюнча Стамбулдан кийинки экинчи орундагы шаар. Измир шаары Түркиянын түштүк-батышында жайгашкан аты уйкаш административдик борбор болуп саналат, Эгей көлдүн чыгыш жээгинде жана Измир кысыгынын жээгинде жайгашкан.  Измирдин калкынын саны 4,3 млн.киши. Измир провинциясынын экономикасы өнөр жай, айыл чарба, туризм жана ж.б. негизделет. Эгей Университети Түркияда төртүнчү болуп 1955-жылы түзүлгөн. 2017-2018-окуу жылдарында студенттердин  саны 65 миӊден жогору, окутуучулар мүчөлөрүнүн саны - 3 миӊден жогору, администртивдик-техникалык кызматкерлердин саны  - 6 миӊден жогору болгон. 2019-жылы Университетке 17 факультет, 9 институт, 4 жогорку мектеп, 1 мамлекеттик түрк музыкалык мектеби, 10 кесиптик жогорку мектеп, Ректораттын алдында 6 бѳлүм жана 37 илимий-изилдөө борборлору кирген.

 

 



Тектеш кабарлар