Элчи Өмүралиев Түркиянын депутаты Р.Шекер менен жолукту
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу экономикалык жана парламенттер аралык кызматташуусунун маселелерин талкуулашты.
1343540
2020-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу экономикалык жана парламенттер аралык кызматташуусунун маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле 2020-жылдын 18-21-январында Түркиянын Караман шаарында Кыргызстандан 20дан ашык бизнесмендердин жана жергиликтүү бийликтердин жетекчилеринин катышуусу менен боло турган Бизнести өнүктүрүү боюнча форумдун уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.