Эрдоган: «Түркия Азербайжандын жанында болоорун бүткүл дүйнө билиши керек»

Президент Эрдоган, Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөгөндөн кийин, борбор шаар Бакуда түрк жана азербайжан шейиттер көрүстөнүнө барып, шейиттердин мүрзөлөрүнө гвоздика коюп, дуба кылды.

1659531
Эрдоган: «Түркия Азербайжандын жанында болоорун бүткүл дүйнө билиши керек»
erdogan bakü şehitlik.jpeg
Erdoğan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен бүгүнкүдөй эле келечекте дагы Азербайжандын жанында орун ала тургандыгын айтты.

Эрдоган Азербайжан Улуттук Парламентиндеги кайрылуусунда: «Кавказдагы тынчтык жана бейпилдиктен бир гана Азербайжан эмес, Армения баш болгон региондун бардык өлкөлөрү жана дүйнө жүзү пайда таап чыгат. Туруктуу  тынчтыкка жетүү бул чөлкөмдөгү бардык элдер менен мамлекеттердин өз ара ишенимдин негизинде иштелип чыккан кызматташтыгы аркылуу болот деп ишенебиз»,-деди.

Президент Эрдоган: «Бүгүн биз Азербайжандын жанында бардык мүмкүнчүлүгүбүз менен турабыз. Бүткүл дүйнө эртең дагы биз сенин жаныңда болоорубузду билиши керек»,-деп айтты.

«Түрк улутун жалаа менен жамандагандар алгач Кавказ менен Азербайжанды карашы керек»,-деп айткан Режеп Таййип Эрдоган: «Андан кийин, эгер алардын абийири жол берсе, биз алар менен айыптоолор жөнүндө өзүнчө сүйлөшөбүз. Цивилизация менен вандализмдин айырмасын көргүсү келген адам келип, Карабахтагы эки мезгилдин айырмасын карап көрүшү керек»,-деди.

Президент Эрдоган, быйыл Азербайжандын маданий борбору болгон Шушаны келерки жылы «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» катары көрүүдөн кубанычта болушарын айтты.

«(Арменияга каршы 10-ноябрда жетишилген Карабах жеңиши) Бул жеңиш эч кимди тынчсыздандырбасын, анткени бул кыйроонун эмес курулуштун, зулумдуктун эмес, адилеттүүлүктүн жеңиши»,-деп айткан Эрдоган: «Карабах ошондой эле дүйнөнү саясий жана экономикалык дымактарынын аренасы деп эсептегендердин эсептөөлөрү бузулган жер. Экинчи Кавказдын мойнуна эч ким туткун чынжырын сала албашы үчүн, биз алдыбызга келген мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип туура пайдаланышыбыз керек»,-деди.

Эрдоган: «Нахчыван менен Бакуну бириктире турган Зангезур коридору биздин аймакка алып келе турган жеңилдикти жана байлыкты сөз менен айтып жеткире алгыс нерсе. Зангезур коридорундагы темир жол аркылуу армяндар дагы Москвага жана дүйнөгө оңой жете алышат, ошентип алар өзүлөрүнө жүктөгөн блокададан кутула алышат»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Армения Азербайжан менен көйгөйлөрүн чечкен сайын биз Түркия катары керектүү кадамдарды жасайбыз»,-деп маалыматтандырды.

Президент Эрдоган, Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөгөндөн кийин, борбор шаар Бакуда түрк жана азербайжан шейиттер көрүстөнүнө барып, шейиттердин мүрзөлөрүнө гвоздика коюп, дуба кылды.



Тектеш кабарлар