Эрен:«Өзбекстандан дагы көп студенттин Түркияда билим алышын каалайбыз»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах Эрен,жана аны коштогон делегация, Ташкенттеги жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын Жогорку билим берүү министри Инам Межидов тарабынан кабыл алынды.

1305222
Эрен:«Өзбекстандан дагы көп студенттин Түркияда билим алышын каалайбыз»

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах Эрен, Өзбекстандан дагы көп студенттин Түркияда билим алышы керектигин айтты.

Эрен жана аны коштогон делегация, Ташкенттеги жолугушууларынын алкагында Өзбекстандын Жогорку билим берүү министри Инам Межидов тарабынан кабыл алынды.

Кабыл алууда өзбек министрге Түркия стипендиялары туурасында маалымат берген Эрен, Өзбекстан менен билим берүү тармагындагы карым-катнаштарды өнүктүрүүнү каалагандарын белгилеп, Түркияда 170 өлкөдөн 170 миң эл аралык окуучунун жогорку билим берүү тармагында билим алганын, мунун 16 миңинин Түркия стипендияларынын окуучуларынан турганын маалымдады.

Түркия стипендиялары программасы үчүн быйыл 170 өлкөдөн 150 миң кайрылуу жасалганын түшүндүргөн Эрен, алдыдагы жылдарда Жогорку билим берүү министрлиги менен боло турган биргелешкен таанытуу иш-аракеттери менен Өзбекстандан кайрылуу жана стипендия алган студент санын көбөйтүүнү максаттагандарын баса белгиледи.

Эрен, учурда Түркияда 150сү стипендия алган 1000ден ашуун өзбек студент билим алып жатканын эске салып, «Дос жана боордош Өзбекстандан дагы көп студенттин Түркияда билим алышын каалайбыз»,-деп айтты.

Межидов да Түркия стипендиялары программасынын дүйнөнүн эң кеңири стипендияларынын арасында орун алганына көңүл буруп, өзбек жаштарынын Түркияда билим алышын каалагандарын баса белгиледи.

Жолугушууда Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда жогорку билим берүү тармагында кызматташтык кылынышы темасында макулдашылды.



Тектеш кабарлар