Эрсин Татар: «Грециянын акыркы мезгилдеги кылыктарын Түркия абдан жакшы билет»

Татар Левкошада вице-президент Фуат Октай менен биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1847541
Эрсин Татар: «Грециянын акыркы мезгилдеги кылыктарын Түркия абдан жакшы билет»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Эгей аралдарында Грециянын акыркы мезгилде кетирген каталарын, эл аралык укуктун бузулушун жана аларды өзгөчө Кипрге жайылтуу ниетин Түркиянын абдан жакшы түшүнгөнүн айтты.

Татар Левкошада вице-президент Фуат Октай менен биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Рум лидери Никос Анастасиадистин Кипр маселеси боюнча кат менен сунуштарын айтканын белгилеген Татар: «Ишенимди бекемдөө чаралары деп аталган контекстте биз Мараштын кайтарылышын, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Евробиримдиктин көзөмөлү астында түз каттамдар менен соода кылуу үчүн аэропортторубуз менен портторубуздун ачылышын четке кагаарыбызды, бул тууралуу сөз болбой турганын билдирдик»,-деди.

Кипрде эми эки мамлекеттүү саясаттын уланып жатканын билдирген Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эки мамлекеттин кызматташтыгына негизделген сунуштарын Анастасиадиске сунуштаарын баса белгиледи.

Грециянын аймактагы дооматтарына да токтолгон Татар: «Эгей аралдарында Грециянын акыркы мезгилде кетирген каталарын, эл аралык укуктун бузулушун жана аларды өзгөчө Кипрге жайылтуу ниетин Түркия абдан жакшы билет»,-деп айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын да мындай тузакка түшпөй турганын баса белгилеген Татар, 1960-жылы түзүлгөн куруу келишимине ылайык эки элдин эгемендик укуктары таанылганын, бирок андан кийинки процессте түрктөрдүн башкаруудан алынып, көчүүгө мажбурланганын айтты.

Татар Түркиянын ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдоосун көрсөткөнүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар