Эрсин Татар Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжан Улуттук Парламентинин Кипр достук тобун түзүү чечими үчүн Азербайжандын президенти Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Азербайжандын президенттигинин сүйлөшүү тууралуу билдирүүсүндө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татардын Алиевге Азербайжан Улуттук Парламентинин Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен парламенттер аралык карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасы - Азербайжан достук тобун түзүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргени белгиленди.
Билдирүүгө караганда Алиев Кипр достук тобунун Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы карым - катнаштардын дагы да бекемделишне салым кошо тургандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.