Фаиз Сужуоглу: «EastMed мурунтан эле өлүк долбоор болчу»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Фаиз Сужуоглу, АКШнын  Чыгыш Жер Ортолук деңиз жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунан (EastMed) чыгуу демилгесине байланыштуу маалымат берди.

1763289
Фаиз Сужуоглу: «EastMed мурунтан эле өлүк долбоор болчу»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Фаиз Сужуоглу, АКШнын  Чыгыш Жер Ортолук деңиз жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунан (EastMed) чыгуу демилгесине байланыштуу, «EastMed мурунтан эле өлүк долбоор болчу, өлүк долбоор өлдү»,- деди.

Сужуоглу басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Кипрдин тегерегинде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинин айланасындагы бай көмүртектүү кендер үчүн бүткүл дүйнө жана өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдүн бул аймакка көз салып турганын, ушундайча Чыгыш Жер Ортолук деңизинин олуттуу саясий маневрлер жасалган аймакка айланганына көңүл бурду.

Сужуоглу Чыгыш Жер Ортолук деңизинен чыгарыла турган көмүр суутек ресурстарын Европага жеткирүү үчүн бир гана ылайыктуу жол бар экенин, мунун Кипр жана Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө ташыла турганын баса белгиледи.

Рум башкаруучулугунун мындай окуяларга «сокур көз айнек менен» караганын баса белгилеген Сужуоглу, гректердин бүт умтулууларынын Түндүк Кипр Түрк Республикасын жана Түркияны айланып өтүү экенин белгиледи.

АКШнын мындан ары Чыгыш Жер Ортолук деңиз жаратылыш газ түтүк жолу долбооруна (EastMed) колдоо көрсөтпөгөнүн баса белгилеген Сужуоглу: «Акылдын жолу бир, бул (EastMed долбоору) акылсыздык болчу. Бул сөзсүз түрдө Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасын айланып өтүү максаты болгон, кыскасы душмандык болгон. Бул экономикалык жактан туруктуу долбоор болбогондуктан, аны колдоо үчүн ыктаган чоң мамлекеттер бул колдоону алып салышты. EastMed мурунтан эле өлүк долбоор болчу, өлүк долбоор өлдү, бул биз үчүн күтүүсүз болгон жок»,-деди.



Тектеш кабарлар