Фуат Октай: «Мараштын жабык туруусуна сабырыбыз калган жок»

Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсин Татардын кожоюндугунда бир мейманканада урматына берилген сый тамакка катышты.

1360320
Фуат Октай: «Мараштын жабык туруусуна сабырыбыз калган жок»

Вице-президент Фуат Октай, 2023-жылдан тарта 70 миллион турист санынан ашып өтүүнү максаттагандарын айтты.

Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсин Татардын кожоюндугунда бир мейманканада урматына берилген сый тамакка катышты.

 1974-жылдагы Кипр Тынчтык кыймылынын жүргүзүлүшүнүн себебин түшүндүргөн Октай, «Тынчтык кыймылынын алдында пайда болгон жана ондогон жылга созулган зулумдуктун себебинен төгүлгөн кандын токтотулушу үчүн жасалды»,-деди.

Жабык Мараш аймагынын жабылуусунан кийин жарым кылым бою кантип чечүүчү жол табыла турганы сүйлөшүлүп келгенин баса белгилеген Октай: «Бул жерде бейиш сыяктуу бир жердин чиригенин көрүүдөбүз. Имараттарына чейин чириген аянтты көрүүдөбүз. Ошондуктан бүгүн бул билдирүүнү эң бийик үн менен чыгаруу үчүн биз бул жерге келдик. Түркиянын дагы ТКТРнын дагы Кипр Түркүнүн дагы эми сабыры калган жок»,деген серебин салды.

Октай, аймактын кайрадан жанданышы үчүн дагы бир жарым кылым күтпөй тургандарын баса белгилеп, маселенин чечилиши үчүн чечкиндүү иштей тургандарын айтты.

Октай, туризм тармагында иштерди баштагандарын жарыялап, «Быйыл туризмде 52-53 миллион кишиге жеткен абалдабыз. Максатыбыз 2023-жылдан тарта 70 миллион турист санына жетүү болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар