Фуат Октай: «Түркия ТКТРсын колдоосун улантат»

Фуат Октай, Түркия жана ТКТРнын ортосунда «Экономикалык жана финансылык кызматташтык» келишимине кол коюу аземине видео конференция форматында катышты.

1423816
Фуат Октай: «Түркия ТКТРсын колдоосун улантат»

Вице-президент Фуат Октай, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынын таасирлери менен түзүлө турган жаңы калыбына келүүгө даярданып жатканда Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын (ТКТР) колдоосун уланта турганын жарыялады.

Фуат Октай, Түркия жана ТКТРнын ортосунда «Экономикалык жана финансылык кызматташтык» келишимине кол коюу аземине видео конференция форматында катышты.

Пандемиянын таасирлери менен түзүлө турган жаңы калыбына келүүгө даярданып жатканда Түркиянын ТКТРнын жанында болуусун уланта турганын баса белгилеген Октай: «ТКТРн туруктуу экономикага жеткирүү үчүн керектүү кадамдарды олуттуу түрдө жана убакыт коротпостон биргелешип таштоого чечкиндүүбүз»,-деди.

Октай, Түркия-ТКТРнын экономикалык жана финансылык кызматташтыгы келишиминин пандемиянын экономикага алып келген зыяндарынын ордунун толтурулушуна колдоо көрсөткүдөй түрдө долбоорлонгонун айтты.

«Келишим менен 2 миллиард 288 миллион 976 миң лирадан турган финансылык каражатты жардам жана насыя түрүндө өткөрүүдөбүз»,-деп айткан Октай: «2020-жылы «Экономикалык жана финансылык кызматташтык» келишими жаңы калыбына келүүгө күчтүү түрдө даярданып жатканда ТКТРнын жана туугандарыбыздын өнүгүү пайдубалы болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар