ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары Азербайжанда

Теңтөрагалар Тоолуу Карабах маселесине чечүүчү жол табуу процессинин алкагында барган Бакуда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

1079859
ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары Азербайжанда

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун тең төрагалары Азербайжанда...

Теңтөрагалар Тоолуу Карабах маселесине чечүүчү жол табуу процессинин алкагында барган Бакуда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

Президенттиктин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда теңтөрагалар орус Игорь Попов, француз Стефан Висконти, америкалык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Анджей Каспршик болуп Алиев менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Элмар Меммедяров дагы катышкан жыйналышта Армения жана Азербайжандын ортосундагы ок атышуу жана Тоолуу Карабах маселесине чечүүчү жол табылышына карата сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы жана күтүүлөр каралды.

Теңтөрагалар 29-октябрда Арменияда жолугушууларды өткөрүшкөн.

Минск тобу, Армения-Азербайжан келишпестиги жана Тоолуу Карабах маселесинин тынчтыкчыл жолдор менен чечилишин шыктандыруу жана тараптардын ортосунда арачылык кылуу максатында 1992-жылы курулган.

Теңтөрагалар Орусия, Франция жана АКШ жүргүзгөн ЕККУнун Минск тобу 26 жыл бою бир топ аракет жумшаганына карабастан Тоолуу Карабах маселесинин чечилишине карата так натыйжалар алынган жок.



Тектеш кабарлар