Илхам Алиев Халук Гөргүн менен аны коштогон жетекчилерди кабыл алды
Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Алиев, түрк коргоо өнөр жайы продукцияларынын дүйнө жүзүндөгү аброюна ыраазы экенин айтты.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Президенттиктин Коргоо өнөр жайы төрагасы профессор доктор Халук Гөргүн жана аны коштогон түрк коргоо өнөр жайы ишканаларынын жетекчилерин кабыл алды.
Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, кабыл алууда сөз сүйлөгөн Алиев, түрк коргоо өнөр жайы продукцияларынын сапаттуулугу жана эффективдүүлүгү менен дүйнө жүзүндөгү аброюна ыраазы экенин айтты.
Алиев Азербайжанда да коргоо өнөр жайын өнүктүрүү үчүн олуттуу кадамдардын ташталганын билдирди.
Гөргүн болсо иш сапарынын алкагында түрк коргоо өнөр жайы ишканалары менен азербайжандык фирмалардын ортосунда ар түрдүү багытта биргелешкен иш-аракеттерге байланыштуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.