Казак кино актрисасы Амина Умурзакова Астанада эскерилди

Казакстандын улуттук китепканасында адабиятчы, көркөм өнөр чебери, жазуучу жана жаш оюнчулардын катышуусунда уюштурулган эскерүү кечесинде Умурзакованын өмүр баяны жана кылган эмгектери түшүндүрүлдү.

1126123
Казак кино актрисасы Амина Умурзакова Астанада эскерилди

Казакстандын борбор шаары Астанада, казак кино актрисасы Амина Умурзакованын туулганынын 100 жылдыгында «Казак киносунун энеси» темалуу иш-чара менен эскерилди.

Казакстандын улуттук китепканасында адабиятчы, көркөм өнөр чебери, жазуучу жана жаш оюнчулардын катышуусунда уюштурулган эскерүү кечесинде Умурзакованын өмүр баяны жана кылган эмгектери түшүндүрүлдү. Иш-чаранын алкагында Умурзакованын фотосүрөттөрүнөн турган көргөзмө ачылды.

Акын жана адабиятчы Төрөгелди Туякбай, өз сөзүндө Умурзакованын бир гана казак калкынын эмес, ошол эле убакта түрк калктары үчүн да орток баалуулук болгонун белгилеп, оюнчунун туулганынын 100-жылдыгынын алкагында ЮНЕСКО тарабынан жыл бою ар түрдүү иш-чаралар уюштурула турганын билдирди.

Туякбай: «Умурзакова элибиздин, өлкөбүздүн сыймыгы болуп саналат»,-деди.

Чыгыш Казакстан провинциясында 1919-жылы жарык дүйнөгө келген Умурзакова, 1938-жылы оюн коюу турмушун баштады.

Казак, кыргыз жана орус кино тармагынан режиссерлор тарткан 30дан ашуун кино тасмада роль аткарган Умурзакова, ак экранда көбүнчө «Казак эне» ролу менен таанылды. Умурзакова 2006-жылы Алматыда дүйнөдөн кайтты.



Тектеш кабарлар