Казакстан аскердик чалгындоо тармагында Түркия менен кызматташууда

Казакстан өкмөтү тарабынан жарыяланган жарлыкта, Түркия менен 10-майда кол коюлган аскердик чалгындоо тармагында кызматташуу протоколунун бекитилгени белгиленди.

1866624
Казакстан аскердик чалгындоо тармагында Түркия менен кызматташууда

Казакстан өкмөтү аскердик чалгындоо тармагында Түркия менен кызматташуу протоколун бекитти.

Казакстан өкмөтү тарабынан жарыяланган жарлыкта, Түркия менен 10-майда кол коюлган аскердик чалгындоо тармагында кызматташуу протоколунун бекитилгени белгиленди.

Жарлыкта: «Тиешелүү протоколдун алкагында тараптар аскердик чалгындоо маалыматтарын жана актуалдуу маселелер боюнча эксперттик баа берүүлөрдү алмашуу; катышуучу мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудурган региондогу аскердик жана саясий кырдаалга байланыштуу окуяларга мониторинг жүргүзүү; эл аралык террористтик уюмдар жана башка уюмдар жөнүндө өз ара маалымат алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташат»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар