Казакстан Белорусия менен нефть өткөрүү боюнча сүйлөшөт

Казакстандын энергия министри Нурлан Ногаев Белорусиядан бир делегациянын сапар менен келишин күтүшкөндөрүн билдирди.

1352856
Казакстан Белорусия менен нефть өткөрүү боюнча сүйлөшөт

 Казакстандын энергия министри Нурлан Ногаев Белорусияга нефть өткөрүү сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн бул жумада бир делегациянын сапар менен келишин күтүшкөндөрүн билдирди. Ногаев министрлер кеңешинин жыйынынан кийин журналисттерге берген маалыматта Белорусия мамлекеттик нефть фирмасы Белнефтехимден бир делегациянын сүйлөшүүлөр үчүн бул жумада борбор шаар Нур Султанга келерин айтты.

Нефть жана нефть продукциялары тармагында кызматташуу келишимине кол коюу тууралуу иштелип жаткандыгын белгилеген Ногаев : «Келишимге кол коюлгандан кийин Белорусия бизден нефть сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Белорусиянын каалоосу менен казакстандык нефть фирмалары менен сүйлөшүүлөрду уюштурдук»,- деди.

Шарттар боюнча келишим түзүлө албагандыктан Орусия 1 -  январдан баштап Белорусияга нефть өткөрүүнү токтоткон.

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко андан мурда берген маалыматында Орусиянын нефть үчүн жогорку баа белгилеши менен альтернатив жол издөөгө мажбур болорун билдирген.  



Тектеш кабарлар