Казакстан БУУнун миссиясын орундатуу үчүн аскердик бөлүгүн Ливанга жөнөттү
Казакстан Парламенти, июнь айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аскердик бөлүктөрүн БУУнун миссиясы үчүн Ливанга жөнөтүү сунушун ратификациялаган болчу.
Казакстан, алгач ирет БУУнун тынчтык жана коопсуздукту сактоо миссиясына катышуу үчүн Ливанга тынчтык күчүн коргоочу аскерин жөнөттү.
Казакстандын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында 120 аскерден турган тынчтык күчүнүн Индиянын Индбат баталонунун бөлүгү катары БУУнун Ливандагы убактылуу кызмат күчү (UNIFIL) миссиясына катышуу үчүн Ливанга жеткени маалымдалды.
Казакстандын тынчтык күчүнүн алгач ирет БУУнун тынчтык жана коопсуздукту сактоо миссиясына катышканын белгилеген жарыяда, тынчтык күчүнүн индус өнөктөштөрү менен даярдык кылып жатканы билдирилди.
Жарыяда Казакстан менен Индия өкмөтүнүн ортосунда аты аталган миссияга өнөктөшүп катышуу тууралуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганы жана бекитилгени эске салынды.
Казакстан тынчтык күчүнүн Ливанда аймакты чалгындоо, байкоочу пункттардын түзүлүүсү менен ок атышпоонун жүзөгө ашырылышын байкоо милдетин орундата турганы айтылган жарыяда, «Казакстандын тынчтык күчүнүн БУУ миссиясына катышуусу эл аралык коопсуздуктун күчтөнүшүнө салым кошот. Айрыкча эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү катары Казакстандын таасирин арттырат»,деген сөздөргө орун берилди.
Казакстан Парламенти, июнь айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аскердик бөлүктөрүн БУУнун миссиясы үчүн Ливанга жөнөтүү сунушун ратификациялаган болчу.