Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку ылдамдыктагы поезд жолу курулат

Аскар Мамин, Казакстандан Өзбекстанга ылдам жүрүүчү поезд жолунуну курула тургандыгын билдирди.

1571261
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку ылдамдыктагы поезд жолу курулат

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Түркстан шаары менен Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин ортосунда жогорку ылдамдыктагы поезд жолунун курула тургандыгын билдирди.

Казакстандын Министрлер Кеңеши президент Касым Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында чогулду.

Премьер-министр Аскар Мамин жыйында Казакстанда быйылкы жылы туризм тармагында жалпы наркы 1,1 триллион теңге (2,6 миллиард доллар) болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн иш-аракеттердин башталаарын маалымдады.

Өзгөчө өлкөдөгү туризм инфраструктурасын чыңдоо үчүн маанилүү кадамдардын таштала тургандыгын белгилеген Мамин, Казакстандан Өзбекстанга ылдам жүрүүчү поезд жолунуну курула тургандыгын билдирди.

Мамин бул жогорку ылдамдыктагы поезд жолун Түркстан менен Ташкентти байланыштырган багытка курууну пландаштыргандарын баса белгилеп: «Туристтердин санын көбөйтүү максатында Түркистан-Шымкент-Ташкент багытында ылдам жүрүүчү поезд жолунун курулушу башталат»,-деди.



Тектеш кабарлар