Казакстан менен Тажикстан Кытайдагы жарандарын эвакуациялап жатат

Жаңы коронавирус пневмониясы дагы деле жайылып жатат.

1357314
Казакстан менен Тажикстан Кытайдагы жарандарын эвакуациялап жатат

Казакстан Кытайдан дагы 217 жаранын эвакуациялады.

Саламаттык сактоо министри Ельжан Биртанов Министрлер кеңешиндеги сөз сүйлөөсүндө, Кытайдын борбор шаары Пекинден 217 казак жаранынын чыгарылып кеткенин белгилеп: «Бардыгы ооруканаларга жаткарылды, аларда коронавирус аныкталган жок»,-деди.

Казакстан айдын башында, жаңы коронавирус пневмониясы жайылган Ухань шаарынан 83 жаранын эвакуациялаган болчу.

Тажикстан дагы коронавирус күч алган Кытайдын Ухань шаарындагы жарандарын аймакка жөнөтүлгөн атайын учак менен эвакуациялангандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 46 тажик жаранын ташыган учактын Душанбеге жакын жердеги Айни аскердик аэропортуна конгондугу кабарланды.



Тектеш кабарлар