Казакстан Өзбекстандын чечимин кубаттады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.

1270043
Казакстан Өзбекстандын чечимин кубаттады

Казакстан Өзбекстандын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк Кеңешине) мүчө болушун кубаттаганын билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Өзбекстандын Түрк кеңешине кошулуусунун ыраазычылык менен кабыл алынгандыгы баса белгиленип, Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү болгон бул чечимдин Нахчиван келишиминин 10 жылдыгына туш келгендиги эске салынды.

Билдирүүдө бул мүчөлүктүн Түрк дүйнөсүнүн интеграциясын жана кеңештеги экономикалык кызматташууну да күчтөндүрө турганы белгиленди.

Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев өткөн жуманын аягында тиешелүү жобого кол койгон болчу.

Өзбекстандын Түрк Кеңешине мүчөлүгүнүн 15-октябрда Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн президенттери тарабынан бекитилиши күтүлүп жатат.

Түрк кеңеши 2009-жылдын 3-октябрында Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар