Казакстанда 1500 үй суу астында калды

Премьер  -министр Олжас Бектеновдун жетекчилигиндеги кабинет сел  күн тартиби менен чогулду.

2123796
Казакстанда 1500 үй суу астында калды

Казакстанда  кардын эриши менен  сел жүрүп, 1500дөй үй суу астында калды.

Премьер  -министр Олжас Бектеновдун жетекчилигиндеги кабинет сел  күн тартиби менен чогулду. 

Бектенов абанын жылышы менен өлкөнүн батыш, түндүк, орто жана чыгыш бөлүктөрүндө жаңы бир сел толкунун күтүшкөндөрүн белгилеп : "Кыш айларындагы кардын калың жаашы жана муз тоңуу, абанын эрте ысышы сыяктуу абалдар өзгөчө батыш аймактарында чоң масштабда  суу ташкынына жол ачты.",- деди. 

Кар суусунун айылдарды басып, 1500 үйдүн суу астында калганын айткан Бектенов айрым аймактарда транспорт структурасынын да зыян тарткандыгын белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бауржан Сыздыков дагы селден эң көп жабыркаган батыш облустарында суунун деңгээлинин азайганын, тескерисинче өлкөнүн  борбордук, түндүк жана чыгыш аймактарында дарыялардын ташуу коркунучунун бар экенин белгиледи.

Сыздыков ушул убакка чейин элет жерлеринен 15 миң 786 кишини, анын ичинде 6 миң 187 баланын эвакуацияланганын айтты.

50 айыл менен транспорттун токтогону тууралуу маалыматты бөлүшкөн  Сыздыков бул конуштарга тик учактар ​​менен азык - түлүк жана дары-дармек жөнөтүлгөнүн айтты.

Суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов кар суусу өлкөдөгү ири дамбаларды толтургандыгын маалымдады.

Нуржигитов учурда дамбаларда 24 сааттык күзөттүн бар экенин, өзгөчө селди алдын алуу максатында түндүк, батыш жана чыгыш аймактарындагы дамбаларда сууну агызып чыгаруу иштеринин жүрүп жатканын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар