Казакстанда 46 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Казакстан калың кар жааган кыштан кийин абанын температурасынын жогорулашынан улам кардын капыстан эришинен улам пайда болгон селдер менен күрөшүп жатат.

2125658
Казакстанда 46 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Казакстанда ээриген кардын кесепетинен болгон селден улам 46 миң 755 адам башка жактарга көчүрүлүп, 10 облуста «жергиликтүү масштабда» өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстан калың кар жааган кыштан кийин абанын температурасынын жогорулашынан улам кардын капыстан эришинен улам пайда болгон селдер менен күрөшүп жатат.

Өлкөдө дамбалар толуп, дарыялар ташкындады. Селден эң көп жабыркаган батыш жана түндүк облустарда 3 миң 171 үйдү суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин суу каптаган аймактардан 46 миң 755 адам, анын ичинде 14 миң 589 бала эвакуацияланды. Бул адамдардын 2602си тик учактар ​​менен куткарылган. Кошумчалай кетсек, 60 миң майда жана бодо мал эвакуацияланган.

Өлкөнүн батышындагы Атрау провинциясында өткөн түнү Жем дарыясынын ташкынынан улам Кулсары шаарын толугу менен суу каптады. Шаардан 14 миңге жакын адам эвакуацияланды.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев селден улам коомчулукка кайрылуу жасады.

Токаев көп жылдардан бери болуп көрбөгөндөй табигый кырсык менен бетме-бет келгендерин белгилеп: «Бул сел масштабы жана кесепеттери жагынан акыркы 80 жылдын эң чоң апааты»,-деди. 

Катуу жаан-чачындуу кыштан кийин күтүлбөгөн жерден кар эрип, суу ташкынынан улам өлкөнүн 10 облусунда (Абай, Акмола, Актөбө, Атрау, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Улутау) жергиликтүү масштабда өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирген Токаев: "Абал оор. Бирок үмүт үзүүнүн кереги жок, бул абалды оңдойбуз",- деп айтты.

Токаев адамдардын өлүмүнө жол бербөө алардын артыкчылыктуу милдети экенин жана мамлекет тарабынан селден жабыркаган жарандарга керектүү каржылык жана башка жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди.

Суу каптаган аймактарга кошумча аскер бөлүктөрүнүн жиберилерин белгилеген Токаев компенсация төлөп берүү үчүн ишти баштоону тапшырганын белгиледи.

Токаев премьер-министр Олжас Бектенов баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү кырдаал турукташканга чейин сел менен күрөшүү аймактарында ишин уланта беришерин ырастады.



Тектеш кабарлар